Калыс комикси: Кыргызстандагы кыз ала качуу окуялары

Бул комиксте мажбурлап никеге туруу үчүн уурдалган үч өспүрүм кыздын чыныгы окуялары баяндалат, бирок ар бир окуянын өз аракети жана натыйжасы бар. Бул видео кыздарды жана алардын ата-энелерин колдоого, ала качууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган. Ала качуу учурунда кыздардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн терс кесепеттерин минималдаштыруу үчүн, ички иштер органдарынын ыкчам чара көрүүсү, жергиликтүү каада-салттар жана мындай кырдаалга даярдык боюнча темалар камтылган. Видео "ХэлпЭйдж Интернешнл" Кыргыз Республикасынын филиалы тарабынан "Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү" долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы "БУУ-Аялдар" түзүмү, "ХэлпЭйдж Интернешнл" филиалынын жана "Агенты Перемен" колдоосу менен ишке ашырылууда.